• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатын жеңиш менен баштады

Спорт 0

Бишкек, 11.04.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты.

Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча 68 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап күчүн сыноодо. Ал алгач кореялык Минжи Ханы 10:0 эсебинде ишеничтүү түрдө жеңип алды.

Белгилей кетсек, аталган мелдеште Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жана Акылбек Талантбеков (82 кг) алтын, Үзүр Жузупбеков (97 кг) күмүш, Роман Ким (130 кг) Раззак Бейшекеев (67 кг) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг) коло медаль багындырды.

Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий