• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто 2018-жылдын бюджетинин долбоору боюнча коомдук уктуруу болду

Аймак 0

Бишкек, 20.02.18. /Кабар/. Кечээ, 19-февралда Ош шаарынын 2018-жылга карата бюджетин кабыл алуу үчүн коомдук угуу болду,-деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, шаардык кеңешини төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономикалык каржы маселеси боюнча туруктуу депутаттар комитетинин төрагасы Акбарали Батыров, вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери, калаа тургундары, бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Коомдук угууда Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономикалык каржы маселеси боюнча туруктуу депутаттар комитетинин төрагасы Акбарали Батыров бюджеттин приоритеттүү долбоору туурасында айтып, киреше жана чыгаша бөлүктөрүн кошумчалады.

Ошондой эле, коомдук уктуруунун алкагында Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Ош шаарында бюджетти бекитүү жылда ачык айкын, элдин үнүн угуу менен бекитилерин белгилеп, бейөкмөт уюмдардан, шаар тургундарынан берилген суроолорго жооп берди. Мындан тышкары, Ош шаарынын мэриясы ар бир суроо талап бюджеттин долбоорунда карала тургандыгын белгилеп, айрым маселелер боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Бюджеттин киреше бөлүгү 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2017-жылга бекитилген бюджетке салыштырмалуу 112,6% өсүп, 940 186 миң сом өлчөмүндө аныкталып, 105 71,9 миң сомго көбөйүү менен сунушталууда, анын ичинен:

- Салык кирешелери 804 043 миң сом (85,5% жалпы бюджеттин көлөмүндө)

- Салык эмес кирешелер 55 900 миң сом (6% жалпы бюджеттин көлөмүндө)

- Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 80 243 миң сом (8,5% жалпы бюджеттен) түздү.

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020- жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамынын негизинде жергиликтүү бюджетке салыктардын нормативдик чегерүүсү төмөндөгүдөй бекитилген:

- Киреше салыгы – 50%;

- Сатуудан алынуучу салык – 50%;

- Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык – 50%;

- Мүлк салыгы, жер салыктары, чакан ишкердиктин субүектилери үчүн бирдиктүү салык, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патентөө негизиндеги салык – 100% өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин кароосунда калат.

Бюджеттин чыгаша бөлүгү 2018-жылга 940 186 миң сом өлчөмүндө белгиленип, 2017- жылга салыштырмалуу 105 271,9 миң сом көп каралууда.

2018-жылга белгиленген бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн

- 46,8 % социалдык тармак

- 27,3 % турак жай жана коммуналдык чарба,

- 8,6 % экономикалык маселелер,

- 16,5 % жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар,

- 0, 8 % коргонуу тармагын түзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий