• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айт намазы Бишкектеги эски аянтта окулбай турган болду

Коом 0

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. Быйыл Айт намазы Бишкектеги эски аянтта окулбай турган болду. Мындай чечим Мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан кабыл алынгандыгын Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Муниципалитеттин билдирүүсүнө караганда, борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда, акыркы сутка ичинде гана 240 адамдан коронавирус жаңы табылса, 191 бейтап ооруну жеңип, 5 киши каза болгон.

"Май айында эле 2 миң 138 адамга илдет жаңы жуккандыгы аныкталып, 38 киши акка моюн сунган", - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Орозо айт быйыл 13-майда болот. Мусулмандар дин башкармалыгынын чечимине ылайык, быйыл эски аянтында майрамдык айт намаз окулбайт.

"Айт намаз муфтият белгилеген мечиттерде гана санитардык эрежелерди сактоо менен окулат", - деп кошумчалашты мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий