• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров мамипотекалык насыялоо үчүн турак жай комплексин курууга капсула салды

Өкмөт 0

Бишкек, 11.03.24./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик ипотекалык насыялоо үчүн арналган турак жай комплексин курууга мезгил кутусун салды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын 11-кичи районунда жайгашкан жалпы аянты 9,64 гектар жер тилкелери “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна өткөрүлүп берилген. Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын ишке ашыруу максатында борбор калаада көп функционалдуу турак жай комплексин долбоорлоо, каржылоо жана куруу боюнча инвестициялык келишим түзүлгөн.

Инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун алкагында жалпы аянты 40 050 м2 болгон 500 батир Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлөт.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 2021-жылдан бери Мамлекеттик ипотекалык компанияга бюджеттен 10,7 млрд сом бөлүнгөнүн белгиледи.

«Бирок жыл сайын турак-жайга муктаж адамдардын саны өсүүдө. 2023-жылдын ичинде эле 38 миң 209 адам турак жайга кезекке турган. Электрондук порталда учурда 100 миңге жакын адам (99 931) кезекте турат, анын ичинен 2015-жылдан бери Мамлекеттик камсыздандыруу комитети аркылуу 9 346 адам ипотекага ээ болуп, ипотекалык насыянын суммасы 15 миллиард 808 миллион сомду түздү. Элдин турак-жай маселесин чечүүдө биздин принципиалдуу мамилебиз — турак үйлөрдү куруу болуп калды. 2,5 жылдан бери мектептерди куруп, Баткен облусун калыбына келтирип, азыр элди турак-жай менен камсыздоого көңүл буруп жатабыз», - деди ал.

Акылбек Жапаров өткөн жылдан бери Бишкекте 9 миңге жакын батирлүү көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жүрүп жатканын, ошондой эле өлкөнүн аймактарында 22 миң батирлүү турак-жай куруу иштери башталганын айтты.

“Турак жайларды куруу өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө, курулуш тармагындагы жумушчу орундардын санын көбөйтүүгө жана аны менен байланышкан тармактардын ишмердүүлүгүн активдештирүүгө өбөлгө түзөт», - деген Минкаб башчысы инвестициялык долбоорду жогорку сапатта жана өз убагында ишке ашырууну тапшырды.

Турак жай комплексинде соода борбору, бассейн, бала бакча, мектеп, спорт комплекси, жер астындагы унаа токтотуучу жай, велосипед жолдору болот.

Комплексти куруу долбоорун ишке ашыруу 60 айды түзөт, анын 12 айы долбоордук-сметалык документтерди даярдоого жана аны тиешелүү мамлекеттик органдарда бекитүүгө каралган.

Пикир

Оставить комментарий