• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ала-Букада өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук боюнча ата-энелерге чогулуштар өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Жалал-Абаддын Ала-Бука райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери билим берүү мекемелеринде ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Райондук администрация, билим берүү, үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана ата-энелер менен биргеликте жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу маселеси талкууланууда.

Милиция кызматкерлери ата-энелерди өз балдарын ар дайым көзөмөлгө алууга чакырышууда. Өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштуулукка, укук бузууларга бөгөт коюуда, ошондой эле эрте никеге туруунун, мектеп рэкетчилигинин, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алууда биргелешип иштөө керектиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий