• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алмазбек Атамбаев Манчестердеги терактка байланыштуу Тереза Мэйге көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 24-май /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Улуу Британия Бириккен Королдугунун жана Түндүк Ирландия премьер-министри Тереза Мэйге Манчестердеги терактка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Манчестердеги көптөгөн адам өмүрүн алган кайгылуу окуяны терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасы эл аралык коопсуздукка жана жарандардын тынчтыгына коркунуч туудурган экстремизм жана терроризмдин ар кандай түрүн чечкиндүү түрдө айыптайт”, - деп айтылат Мамлекет башчынын билдирүүсүндө.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын элинин жана жеке өзүнүн атынан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына, бүтүндөй британ элине терең көңүл айтып, жабыркагандарга тезинен сакайып кетүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий