• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Апта: Азия Кубогундагы жеңиш, учактын кыйрашы жана кытайларга каршы митинг

Коом 0

Бул жума коомчулукта чоң талкууга алынган жаңылыктар менен эсте калды. Бишкектен кой этин толтуруп Иранга учуп кеткен учактын кыйрашынан башталып, Ала-Тоо аянтында кытай жарандарына каршы митинг менен аяктады. Ал эми Азия Кубогунда кыргыз футболчулары Филиппинди жеңип, турнирдин 1/8 финалына чыгып жалпы Кыргызстанды кубантты. Эмесе ар бирине кененирээк токтолсок...

Азия Кубогу: Кыргызстан 1/8 финалына чыкты

Футбол боюнча Азия кубогунун 3-турунда Кыргызстан менен Филиппиндин курама командалары оюн өткөрүп,“Ак шумкар” командасы 3:1 эсебинде Филиппинди артта калтырган.Үч голдун тең автору чабуулчу Виталий Люкс болгон.

Оюндун 24-мүнөтүндө Исраиловдун чыгарып берген тобун Люкс дарбазанын бурчуна киргизип эсепти ачты.

2-таймдын 51-мүнөтүндө Сагынбаевдин айып аянтчасына чыгарган тобун кайрадан Виталий Люкс голго айлантты. 77-мүнөтүндө айып аянтчасынан Виталий Люкс тээп эсепти 3:0гө өзгөрттү. 80-мүнөтүндө филиппиндик Шрёк өз командасына гол алып келгенге жетишти.

Ал эми чабуулчу Виталий Люкс интервьюсунда: Филлипиндердин дарбазасына төрт гол киргизейин дегем, деп билдирген.

Футболист, Филлипиндерге каршы оюн абдан маанилүү болгондугун айткан. "Биз утабыз деген максат менен келип, аны ишке ашырдык. Оюн абдан жакшы болду. Биз ойлогондой, машыгуу убагында дайындангандай өттү. Кытай менен болгон оюнда мындай ойной алган жок элек, бүгүн ойнодук. Абдан кубанычтабыз", – деди футболчу.

Ошондой эле ал, төрт гол киргизгенге мүмкүнчүлүк болуп, бирок бир сокку штангага тийип калгандыгын айткан.

Кыргызстандын ажосу Сооронбай Жээнбеков кыргыз курамасын жеңиши менен куттуктап, эмгек, мекенге кызмат кылуу, өлкөнү даңазалоонун өзгөчө үлгүсүнө токтолгон.

«Жалпы кыргызстандыктар кыргыз спортунун чоң жетишкендигине күбө болушту. Биздин футбол боюнча курама командабыз Азия чемпионатында эбегейсиз чоң ийгиликке жетишти. Филиппин курама командасын 3-1 эсебинде утуп элибизге укмуш зор маанай тартуулашты. Биздин команданын Азия кубогунун оюндарына тарыхта биринчи чыгышы эле чоң ийгилик болгон. Баардык оюндарда ийгиликтүү ойноп, биздин командабыз оюндардын кийинки этабына чыгуусу да бул чынында эбегейсиз чоң тарыхый жетишкендик. Эң негизгиси, биздин балдар тайманбай ойношуп, кызыктуу оюн көрсөтүп жатышты», — деп белгиледи Жээнбеков.

Boeing 707 учагынын кыйрашы

Бишкектен Иранга кой этин толтуруп, учуп бара жаткан Boeing 707 учагы Тегерандын чет жагындагы Сафадашт шаарынын аймагында кыйроого учураган. Учак 30 тонна жүк менен Бишкектен Карадж шаарына учуп бара жаткан. Ичинде 16 адамдан турган экипаж болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жети адам каза болгон. Бирок, кийинчерээк ирандык маалымат булактар билдиргендей, бир гана учактын инженери аман калган. Учактын ичиндегилердин баардыгы Ирандын жарандары болгон.

Ирандын өзгөчө кырдаал боюнча агенттигинин өкүлү Миджитаба Халиди “Учак жүргүнчү учак эмес”, - деп билдирген.

Ал эми “Манас” аэропортунан билдиргендей, Бишкектен Тегеранга баратып кулаган Boeing транзиттик болгон.

“Ал Тегеран – Бишкек – Пайан чартердик рейси болгон. Учак Бишкекте транзит аркылуу жүк алып өткөн. Ал дайымкы рейс эмес", – деп аэропортунун басма сөз кызматы кабарлаган.

Күйүүчү май арзандашы мүмкүнбү?

Казакстан болжол менен үстүбүздөгү жылдын февраль айынан баштап Кыргызстанга күйүүчү май экспорттоп баштайт. Казак тарап Кыргызстанга бензинди бир жылда 200 миң тоннага чейин көбөйтүү пландоодо.

Казакстандан келген күйүүчү майлардын эсебинен Кыргызстанда күйүүчү майларынын наркы төмөндөшү күтүлүүдө.

Эске салсак, Кыргызстанга күйүүчү май Россия менен Казакстандан келет. Анын басымдуу бөлүгү Россиядан ташылат. Мисалы, өткөн жылы 411 миң тонна Россиядан келсе, Казакстандан 73 тонна сатып алынган.

Мурда Россиядан келген күйүүчү майлар эле төлөмсүз келсе, эми КР менен Казакстандын өкмөт аралык сүйлөшүүлөрүнөн кийин Казакстан да КР төлөмсүз күйүүчү май сата башташы мүмкүн.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канат Эшатовдун пикири боюнча, коңшу Казахстандан келген күйүүчү май биринчиден атаандаштык жаратса, экинчиден ташуу наркы арзан түшөт.

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда былтыр күйүүчү майларга болгон баалар 10,7% көтөрүлгөн. Ошол эле учурда дизель майы 18,5%, бензин 9,5% кымбаттаган.

Эң кымбат бензин Кыргызстанда сатылат

Ошол эле учурда, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кымбат бензин Кыргызстанда сатылат. Бул тууралуу америкалык Global Petrol Prices басылмасынын сайтында айтылат. Дүйнөдө 1 литр бензиндин орточо баасы 1.09 долларды түздү.

Global Petrol Prices маалыматы боюнча, Кыргызстанда 1 литр бензин 0.65 доллар турат. Ал эми Өзбекстанда ир литр күйүүчү май – 0.54 доллар турат, Казакстанда – 0.48 доллар, Түркмөнстанда – 0.43 доллар. Тажикстандагы бензинди баасы тууралуу маалымат көрсөтүлгөн эмес.

Эң арзан бензин Венесуэлада, ал жакта күйүүчү майдын литри 1 цент. Андан кийин Судан, бул жакта бензин 0.13 центр турат, Иранда – 0.29 цент. Баарын бензин Зимбабведе, ал жакта күйүүчү майдын бир литри – 3,31 доллар турат.

Президент футболчулардын кийинки оюнунан чоң ийгиликтерди күтөөрүн билдирген

Ал эми “Ак шумкардын” устаты, башкы машыктыруучусу Александр Крестинин – “1/4 финалга чыкканга күчүбүз жетет деген ойдобуз”, -деп билдирген.

Биз күрөшүп, жакшы жыйынтык көрсөтө алдык. Балдарга жакшы оюн үчүн ыраазычылык билдирем. Матч абдан сапаттуу өттү", – деген Крестинин.

Анын айтуусунда, команда баардыгы өзүнө көз каранды эмес экендигин билип, бирок колдон келишинче аракет жасап, ийгиликтүү ойноду. Кыргыз футболчулары Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу Азия Кубогунда биринчи голду киргизип, анан биринчи жеңишке жетти, бул чоң жетишкендик.

Ал эми футбол сүйүчүлөр жана бүтүндөй кыргызстандыктар #АлгаАкШумкарлар флешмобуна катышууга чакырылган. Флешмоб 19-январда Кыргызстандын футбол боюнча курамасын колдоо максатында өткөрүлөт. Буга байланыштуу социалдык тармактарда #БолеемЗаНаших, #АлгаАкШумкарлар хэштеги алдында ар ким өзүнүн команданы колдогон сүрөөнүн, ырын жайгаштырууга чакырат.

Эскерте кетсек, Кыргызстан группалык этаптын биринчи оюнунда Кытайга 2:1 эсебинде, экинчиде Түштүк Корега 0:1 эсеби менен утулуп калган.

Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Азия Кубогунда 24 команда алты тайпага бөлүнүп ойношууда.

Ушул мүмкүнчүлүктү колдонуп Кыргызстан 1/8 финалына чыга алды. Эми Кыргызстан 21-январда Бириккен Араб Эмиратынын курамасы менен ойнойт.

Бишкектеги митинг

Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында мыйзамсыз жүргөн Кытайдын жарандарына каршы митинг өтүп, расмий уюштуруучусу Аманбол Бабакулов кармалган.

Милициянын маалыматы боюнча, мындан тышкары коомдук тартипти бузган деген айып менен митингдин 21 катышуучусу кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Аларга мыйзам иретинде чаралар көрүлөт, деп кабарлаган шаардык милициянын басма сөз кызматы.

Митингге келгендер кыргыз жарандыгын этникалык кыргыздардан башкасына берүүгө мораторий салууну, кыргыз-кытай никелерге тыйу салууну бийлик өкүлдөрүнөн талап кылышкан.

Нааразычылык акциясынын жүрүшүндө, жол тосуп, коомдук тартипти бузгандардын бир нечеси укук-коргоо органдары тарабынан кармалган.

Бишкек шаардык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев кабарлагандай, санкцияларга жараша, тынчтык митингин өткөрүүгө уруксат саат 10:00дөн 13:00гө чейин берилген. Түштөн кийин борбордук аянтта топтошкондорду милиция кызматкерлери кубалап салышкан. Ал эми сөзгө келбегендердин бир нечеси кармалган.

Ал эми бул митинг тууралуу кытай басылмалары тынчсыздануу менен жазып чыгышкан.

South China Morning Post басылмасы билдиргендей, кыргыз коомчулугунда Пекиндин Кыргызстанга болгон таасири күчөп баратат деген ой жаралып, алар бул боюнча абдан кабатыр.

Кытай жарандарына каршы чыккандар кытайлардын КРда иштөөсүн, өлкөгө келишин, кыргыз-кытай ортосундагы никелерге тыюу салууну жана Кыргызстандын Кытай алдындагы карызды азайтууну талап кылышкан. Ошондой эле ЖМКлар аркылуу коңшу Синьзяньда этникалык кыргыздардын кармалышы тууралуу маалыматтары, кыргыз коомчулугунун каарын курчутууда, деп жазган басылма.

Пикир

Оставить комментарий