• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Арча-Бешик” конушунда канализациялык тармактардын курулушу башталды

Коом 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Бишкектеги “Арча-Бешик” конушунда канализациялык тармактардын курулушу башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бедибаев, Ойсул-Ата, Айылчиев, Абдрахманов көчөлөрүнө, ошондой эле 12-көчөдөн 18-көчөгө чейин орнотулуп жаткан узундугу 1,5 чакырымды түзгөн канализация тармагы 200гө жакын үйдү камтыйт.

Бишкек шаарынын мэриясынын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын өткөргөн сынагынын жыйынтыгы боюнча, аталган объекте “Интер Планета” курулуш компаниясы иш алып барууда.

Келишим боюнча курулуш иштеринин баасы 2 млн 880 миң 437 сомду түздү. Куруучулар жумушту 2021-жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүүнү пландаштырууда.

Пикир

Оставить комментарий