• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ашхабадда жеке таксилердин саны кескин кыскарып, кызмат акы жогорулады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 09.04.19 /Кабар/. Ашхабадда жеке таксилердин саны кескин түрдө кыскарып, кызмат акы жогорулады. “Азаттыктын” түркмөн кызматы буга чейин жол полициясы жүргүнчүлөрдү ташып иштеген айдоочуларды жапырт түрдө текшерип, кармаганын кабарлаган.

Маалыматтарга караганда, эки күндө эле шаар боюнча ондогон машина айып төлөөчү жайларга жеткирилген.

Жеке такси кызматына карата рейддер түркмөн президенти ИИМ башчысына сөгүш берген маалга туш келди. 4-апрелде Исгендер Муликов мыйзамсыз түрдө жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүн иретке келтире албагыны үчүн тил уккан.

“Мындай иш менен иштөөгө укуктары жок туруп, алар одоно түрдө жол эрежелерин бузууда, бул жол кырсыктарына жана аварияларга алып келүүдө”, – деген Бердымухамедов.

Жеке таксилердин саны кескин кыскарганына байланыштуу алардын кызмат акысы 30-50% жогорулады.

Пикир

Оставить комментарий