• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Аска–Таш» конушунда балдар үчүн аянтча салынды

Коом 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. «Аска–Таш» конушунда балдар үчүн аянтча салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мэриянын билдирүүсүнө таянсак, аталган конуштун тургундары Мессарош көчөсүнө эски оюн аянтчанын ордуна жаңысын куруп берүүнү суранышкан.

«Бюджетте реконструкцияга каражаттар жок болгондуктан, «Бест Продактс Дистрибьюшн» жоопкерчилиги чектелген коому өзүнүн каражаттарына жаңы балдар аймагын куруп берди. Аянтчанын ичине балдар үчүн оюн конструкциялар, адыр, селкинчек жана кум кирет. Бишкек шаарынын мэриясы чын жүрөктөн тургундарды жарандык активдүүлүк үчүн жана балдар комплексинин рекострукциясына салым кошкон ишкерлерге ыраазычылыгын билдирет», - деп айтылат мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий