• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аскерде кызмат өтөп жаткан жоокерлерге кургак учук жуккан. 15 адам ооруканага жаткырылды

Коом 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасына кургак учуктун жабык түрү менен 15 жоокер жаткырылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган оорукананын башкы дарыгери Тамара Баялиева билдирди.

Ал ооруканага алгачкы жоокер 21-январда, ал эми акыркы 15-аскер 18-мартта түшкөнүн белгиледи.

Башкы дарыгер ооруканага түшкөн 15 адамдын 14ү бир аскер бөлүгүнөн келгенин билдирди.

“Бизде кургак учуктун жабык түрү менен жабыркагандар жатат. Айрымдарында өпкөнүн сезгенүүчү жерлери, башкаларында плевранын суюктугу, сезгениши бар”,-деди ал.

Баялиева аскерлер өткөн жылы күзүндө жаш жоокерлер курсун өтөп жаткан учурда кургак учук менен ооруп калышы мүмкүн экенин белгиледи. Анткени, азыркы учурда алар ар кайсы казармадан келишкен.

“Башкача айтканда, бир аскер бөлүгү ар кайсыл жерлерде жайгашкан бөлүктөргө бөлүнгөн. Бул жаштардын бардыгы бир эле учурда өткөн жылдын сентябрь айында жаш жоокерлер курсунан өтүү учурунда чогуу болушкан”,-деди ал.

Тамара Баялиева алардын ооруканасында аскерлер оорунун жабык түрү менен жатышканын кошумчалап, ачык түрү менен ооругандар башка ооруканаларда жатышы мүмкүн деп боолгоду.

Пикир

Оставить комментарий