• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аскерлер кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 30.12.20. /Кабар/. КР Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жаңы жылы менен куттуктоо иш-чараларын өткөрүүдө. Бул тууралуу Башкы штабдын асма сөз кызматы билдирет.

Алсак, 2020-жылдын 29-декабрында КР Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин өздүк курамы Үмүт-Надежда балдар реабилитациялык борборуна барып, андагы наристелер менен жолугушуп, жаңы жылдык белектерин тапшырды. Белектер менен бирге аталган борборго зарыл болгон тамак-аш продуктуларын да беришти.

Ушундай эле кайрымдуулук иш-чарасы Башкы штабдын 02371 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы дагы өткөрүп, эки кызды жалгыз тарбиялап жаткан Данияр Сыдыковдун кыздарына жаңы жылдык белектерин, жылуу кийимдерди жана тамак-аш продуктуларын беришти. Данияр Сыдыковдун 10 жаштагы кызы тубаса ооруу менен ооруп келет. Экинчи кызы 2 жарым жашта.

Мындай жөрөлө салтка айланып, жыл сайын аскерлер мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жана балдар борборлорундагы наристелердин көңүлүн көтөрүү иш-чараларын өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий