• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРда жеке ветеринарлардын саны акыркы төрт жылда 60%га жакын өстү

Коом 0

Бишкек, 19-июль /Кабар/. Бүгүнкү күндө республика боюнча 2373 жеке ветеринардык адис Ветеринардык палатадан каттоодон өттү. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, Кыргызстанда 2013-жылы жеке ветеринардык адистердин саны 1500 миңден ашык болгон. Башкача айтканда, төрт жыл аралыгында жеке ветеринардык адистердин саны 60%га өскөндүгү байкалууда. Жеке ветеринардык адистердин санынын өсүшү өзгөчө Ош, Чүй, Жалал-Абад жана Нарын облустарында белгиленгендигин Ветеринардык палатанын директору Кубатбек Маматкулов билдирди. Анын айтымында, жеке ветеринардык адистердин санынын өсүшүнүн бир канча себептери бар. Алсак, акыркы эки жыл ичинде Кыргыз өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жалпы ветеринария тармагын эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү багытында жакшы көңүл бурулуп келүүдө.

“Ветеринария жөнүндө” мыйзам 2014-жылдын 30-апрелинде кабыл алынса, ал мыйзам 2017-жылы ветеринария системасын жакшыртууга багытталган өзгөртүүлөр менен толукталды. Ветеринария жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын кээ бир функцияларын жеке ветеринардык адистерге берүү боюнча мыйзамдык база түзүлдү. Акыркы өзгөртүү боюнча жеке ветеринарларга берилген функциялык милдеттер болуп, мал жана мал чарба азыктарын сертификаттоо, малдын саламаттыгын көзөмөлдөөгө багытталган мамлекеттик программаларды аткаруу жана жеринде эпизоотиялык абалга мониторинг жүргүзүү болуп саналат. Жеке ветеринарлардын жоопкерчилигин көтөрүү багытында аталган мыйзам менен кошо административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодекске да толуктоолор киргизилди. Эгерде ветеринардык адис өзүнүн милдеттерин толук аткарбаса же таптакыр аткарбаган учурда же ветеринардык каттоодо жок ишкердик жүргүзсө, анда админстративдик чара көрүлөт деген берене кирди. Учурда жасалып жаткан иш аракеттердин баары ветеринария тармагындагы мыйзамдык базабызды учур талабына шайкеш келтирип, кесипке жогорку билимдүү кесипкөй адистердин келишин шарттоого багытталууда дейт К.Маматкулов.

Ошондой эле, жеке ветеринарлардын жыл сайын көбөйүшүнө ветеринария тармагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен байланыштуу деп эсептешет адистер. Мисалы, 2013-жылда башталган “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоорунун негизги багыттарынын бири ветеринария системасын өнүктүрүү, анын ичинде жеке ветеринардык адистерге гранттык колдоо көрсөтүү болуп саналат. Долбоордун негизинде гранттык жардамдар берилип, учурда жалпысынан 910 жеке ветеринардык адистер өзүлөрүнүн материалдык техникалык базасын чыңдоого жетишүү менен көрсөтүп жаткан кызматтарынын сапатын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Долбоорлордун алкагында ветеринария тармагынан көрсөтүлгөн колдоолордун натыйжасында, элдердин бруцеллез оорусуна чалдыгышынын акыркы жылдары беш эсеге кыскарышын, долбоордук иш чаралардын өз максатына жетип жаткандыгынын далили катары кабылдасак болот. Жеке ветеринарлардын 6,5% аялзаты түзүп, алардын эң көбү Чүй облусунда 43 болсо, эң аз Баткен облусунда эки жеке ветеринар аял иштейт. Жеке ветеринардык адистердин 12,2%ын 30 жашка чейинки курактагы адамдар түзсө, 70%ын 30 жаштан 60 жашка чейинкилер түзөт. Ал эми 15,4%ын 60 жаштан жогоркулар түзөт.

Жалпы ветеринарлар адистердин 35%ын ветеринардык врачтар, 51,1%ын ветеринардык фельдшерлер түзсө, 13,7%ын ветеринардык санитарлар түзөт.

Пикир

Оставить комментарий