• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ассоль Молдокматова Парижде Вячеслав Зайцевдин мода көрсөтүүсүн алып барды

Маданият 0

Бишкек, 26.03.18. /Кабар/. Париждеги Intercontinental LA GRAND отелинде Вячеслав Зайцевдин мода көрсөтүүсү өттү. Кечени кыргызстандык теле алып баруучу, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова алып барды.

Молдокматова билдиргендей, улуу кутюрье Вячеслав Зайцевдин 80 жылдыгына арналган маарекелик көрсөтүү жогорку деңгээлде өткөн. Иш-чарага мода мэтры Пьер Карден катышып, салтанаттуу сөз сүйлөдү.

“Мен кечени француз, англис жана орус тилдеринде алып бардым. Жети саат билинбей өтүп кетти. Бул өзгөчө Ачылуулардын кечеси болду”, - деди ал.

Маарекелик кече маэстронун жакын достору жана Париждеги күйөрмандарынын катышуусунда өттү.

Пикир

Оставить комментарий