• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Атамбаев Бишкек шаарынын активи жана коомчулугу менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 05.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 4-октябрда Бишкек шаарынын активи жана коомчулугу менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Салттуу “суроо-жооп” форматында өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы президенттик кылган мезгилде көрсөткөн колдоосу жана көп учурда оор чечимдерди кабыл алууга туура келгендигине карабастан, көрсөткөн ишеними үчүн бишкектиктерге ыраазычылык билдирди.

Жолугушууга келген шаардыктар Бишкекте борборду өнүктүрүү боюнча, биринчи кезекте автожолдордун масштабдуу курулушуна жана ремонтуна, газ менен камсыз кылуунун магистралдык тармактарын салгандыгына, канализациялык системаны өнүктүрүүгө, мектептердин, ооруканалардын курулушуна байланыштуу болгон бир катар чаралардын комплексин ишке ашыргандыгы Мамлекет башчысына үчүн ыраазычылык билдиришти.

Президент Алмазбек Атамбаев борборубуз светсиз, газы жок, талкаланган жолдору менен олтурган мезгил артта калгандыгын белгиледи. Мамлекет башчысы өлкөбүз энергетикалык көз карандысыздыкка жетишкендигин, армиясын бекемдеп, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүп жаткандыгын белгиледи. Президенттин айтымында акыркы 4 жылда борбор шаарыбыз капиталдык чыгымдардын көлөмүн 8 эсеге көбөйтүүгө жетишип, акыркы жылы гана Бишкекте чакан жана орто бизнестин обьектилерин ишке киргизүүнүн эсебинен 10 миң жумушчу орун түзүлгөн. Борборубуздун жолдорун масштабдуу куруу жана ремонттоо иштери узак мөөнөттүү жана чоң долбоордун биринчи фазасынан алкагында гана жүргүзүлүүдө.

Мамлекет башчысы борборубузга канатташ калктуу пункттар менен чектеш жашаган шаардыктардын көйгөйлөрүнө, коомдук транспорттун системасын өнүктүрүүгө, лифт чарбасын жаңылоого, транспорт абдан көп каттаган автоучастоктордо жөө жүргүнчүлөр жолдон өтчү жерлерин куруу, шаарды жашылдандыруу маселелерин чечүүгө байланыштуу тапшырмаларды берди.

Шаардыктардын борборубузда мектептердин жетишсиздиги тууралуу суроолоруна жооп берип жатып, Президент Алмазбек Атамбаев мектептердин курулушуна байланыштуу атайын программа иштеп чыгуу милдетин тапшырып, бул маселени өзүнүн өзгөчө көзөмөлүнө алды.

Алдыдагы Президенттик шайлоолорго карата даярдык көрүү иштерине токтолуп, Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан карапайым жарандар туурасында кам көргөн өлкөгө айланып бараткандыгын белгиледи. “Эң негизгиси – эркиндик сезими, адамдар бийликтин тагдырын таза жана ачык шайлоолордо өздөрү чечиши керек”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Пикир

Оставить комментарий