• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Азия чемпионаты – 2024: Гүлнура Таштанбекова коло медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 14.04.24./Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Гүлнура Таштанбекова кызы Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында үчүнчү орунду ээледи.

Ата мекендик спортчу 68 кг чейинки салмак ченинде 1/4 финалдык баскычтан баштап катышты.

Алгач Түндүк кореялык По Гуонг Ри аттуу спортчуга 5:6 эсебинде утулуп келе жатып туше ыкмасын колдонуп жеңишке жетти. Жарым финалдык беттеште индиялык Радхия Радхияга утулду.

Ал эми 3-орун үчүн казакстандык Альбина Каиргелдиновага дагы бир ирет туше ыкмасын колдонуп, таза жеңишке жетти.

Пикир

Оставить комментарий