• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги №67 мектепте "акылдуу лабораториянын" бет ачары болду

Коом 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Бүгүн №67 мектепте Weidong Smart School долбоорунун алкагында пилоттук "акылдуу лабораториянын" бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Студенттер менен жаңы акылдуу лабораториядагы биринчи ачык сабакка Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева жана Weidong Cloud билим берүү компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Таалай Дайырбеков келишти.

Маалыматка караганда, пилоттук мектепке 30 ноутбук жана мультимедиялык интерактивдүү доска бекер берилди. Бул шаймандардын бардыгы бири-бири менен байланышкан жана бирдиктүү жергиликтүү тармакка бириктирилген, бул студенттерге жана мугалимдерге тез арада маалымат алмашууга мүмкүнчүлүк берет.

Мультимедия кеңсесинин ишке кириши салттуу билим берүү процессине электрондук билим берүүнү киргизүү процессин тездетет. Чыныгы убакыт режиминде тексттик маалыматтар, сүрөттөр, видео жана аудио файлдарды алмашуу мүмкүнчүлүгү менен мугалимдер сабак учурунда башкаруунун ийкемдүү куралдарына ээ болушат. Өлкө боюнча мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздигинин шартында электрондук билим берүүнү киргизүү окуучуларды керектүү материалдар менен толук камсыз кылат, ошондой эле активдүүлүгүн, жетишкендиктерин жана сабакка катышуусун так көзөмөлгө алат. Жалпысынан интерактивдүү визуалдык билим берүү техникасын колдонуу окутуунун сапатын жогорулатууга гана эмес, балдардын билим берүү процессине көбүрөөк кызыгуусун арттырат.

№67 мектепке “акылдуу кылассты” ачуу – бул алгачкы пилоттук эксперимент. Биз классты жаңы технологиялар менен жабдууну улантабыз.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык мэриясы менен Weidong Cloud Education Group компаниясынын ортосундагы “акылдуу класс” долбоорун ишке ашыруу тууралуу меморуандумга 2019-жылы күздө кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий