• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте практикалык ок атуу боюнча Кыргызстандын кубогунун I этабы өттү

Спорт 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Бишкекте кечээ, 23-февралда Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата практикалык ок атуу боюнча Кыргызстандын кубогунун I этабы өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдешке спортчулардан, күч түзүмдөрүнөн жана жаштардан болуп 48 адамдан турган 7 команда күч сынашты.

Жарыштын жыйынтыгында чоңдор арасында:

1-орун – Рустам Станов;
2-орун – Жаныш Бексултанов;
3-орун – Т. Асанбеков.

Жаштар арасында:

1-орун – Денис Зуев
2-орун – Андрей Носиков
3-орун – Данил Шипилов.

Командалар арасында:

1-орун – GLOK_TEAM. KG;
2-орун – FIGHTER.KG;
3-орун – SHTURM. KG.

Пикир

Оставить комментарий