• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азия оюндарынын жеңүүчүсү Эрлан Шеров мекенине келди

Спорт 0

Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 29-сентябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын дзюдо боюнча жеңүүчүсү Эрлан Шеровду салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү. Спортчулар менен кошо машыктыруучулары да мекенге кайтты.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчулар учуп келген учак "Манас" эл аралык аба майданына конду. Чемпионду аэропорттон президенттин администрациясынын жана Дене тарбия жана спорт департаментинин кызматкерлери, Дзюдо федерациясынын өкүлдөрү, жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Эскерте кетсек, дзюдочу Эрлан Шеров Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында өзүнүн салмак ченинде алтын медаль утуп алган. Спортчу 90 кг чейинки салмак ченинде беттеш өткөрүп, алгач кытайлык спортчуну 1:0, чейрек финалда ливандык атаандашын 10:0 эсебинде жана жарым финалда Бириккен Араб Эмирлигинен келген спортчуну жеңип, финалга жолдомо алган.

Чечүүчү финалдык беттеште өзбекстандык Давлет Бобонов менен күч сынашып, жыйынтыгында жеңүүчү болуп, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу дзюдо боюнча Азия чемпиону аталды.

Пикир

Оставить комментарий