• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Рейтинг: Юрий Краковецкий дүйнөдөгү күчтүү дзюдочулардын арасында 8-орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 20.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Юрий Краковецкий дүйнөдөгү күчтүү дзюдочулардын арасында 8-орунда турат.

Жаңыланган рейтинг Эл аралык дзюдо федерациясынын сайтында 14-ноябрда жарыяланган.

Октябрь айынын башында Юрий Краковецкий Өзбекстанда өткөн дзюдо боюнча мелдеште 100 кг салмактык категория боюнча беттешке чыгып, күмүш медаль тагынган.

Эске сала кетсек, 31-октябрга карата жаңыланган тизмеде Краковецкий 8-орунда турган. Мурда ал 7-орунда турчу. Бул көрсөткүч Кыргызстандын тарыхында мыкты болуп эсептелинет.

Андан сырткары, Бектур Рысмамбетов 66 кг салмакка чейинки спортчулардын арасында 33-орунда, Отар Бестаев – 60 кг салмакка чейинкилер арасында 36-орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий