• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Барселона" клубу "Боруссияны" 3:1 эсебинде артта калтырды

Спорт 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 28-ноябрдагы оюнда "Барселона" клубу "Боруссия" командасын 3:1 эсебинде утуп алды.

Чемпиондор лигасынын 5-турунда өткөн оюнда алгачкы голду беттештин 29-мүнөтүндө испаниялык клубдун оюнчусу Луис Суарес киргизди. Ошондой эле оюндун 33, 67-мүнөттөрүндө Месси жана Гризман каршылашынан дарбазасын бош калтырган жок.

Ал эми "Боррусия" оюндун 77-мүнөтүндө гана гол киргизе алды. Аны Жейдон Санчо киргизди.

Эки команда F тайпасында орун алган. "Барселона" каршылашын жеңип, 11 упай менен тизменин башында турат. "Боруссия" италиялык "Интер" менен 7 упай алышып, экинчи орунга жайгашышты.

Пикир

Оставить комментарий