• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Бүгүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт

Коом 0

Бишкек. 31.01.19 /Кабар/. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 31-январда жана 1-февралда жаан, кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий