• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүндөн баштап жеке лаборатория 3500 медкызматкерге бекер ПЧР-анализ жүргүзө баштайт

COVID - 19 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Бүгүндөн баштап Бонецкий лабораториясы 3500 медицина кызматкерине бекер ПЧР-анализ жүргүзө баштайт.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөт үйүндө өткөн брифингде маалымдагандай, ошондой эле фирмалардын, ири компаниялардын кызматкерлери акы төлөнүүчү негизде текшерүүдөн өтө алышат.

"Ал эми пенсионерлер жана калктын социалдык аярлуу катмарлары ПЧР-анализинен акысыз өтүшөт", - деп кошумчалады министр.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 25-апрелине карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 9 жаңы учуру катталып, жалпы 665 учурга жетти. Алардын ичинен 175и медицина кызматкери (бүгүн 3 жаңы учур катталды), стационарда 312 адам жатат, алардын ичинен реанимацияда – 6. Ал эми 345 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Сегиз адам каза тапты.

Пикир

Оставить комментарий