• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү: Эртең өлкө аймагында ишембилик өтөт

Коом 0

Бишкек, 18.09.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Эртең, 19-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Кыргызстан боюнча ишембилик өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында "Enactus Кыргызстан" коомдук уюмунун аткаруучу директору Гүлбарчын Сүйүнова билдирди.

Анын айтымында, ишембилик эртең мененки саат 09:00дөн 12:00гө чейин уланат.

"Дүйнө жүзү боюнча 180 өлкө ишембилик өткөрөт. Кыргызстан аталган иш-чарага 3 жылдан бери катышып келүүдө. Биздин өлкөбүз 180 мамлекеттин ичинен калктын санына карата эсептегенде катышуучулардын саны боюнча эки жылдан бери биринчи орунду алып келүүдө. Былтыр жалпы ишембиликке өлкөбүздөн 624 миң адам катышкан. Быйыл пандемияга байланыштуу 50 миң киши катышат деп күтүүдөбүз. Тазалоо иштери санитардык талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт. Ар бир жерди 50дөн ашпаган адамдар тазалап, чогулуп жүрүү деген жок. Ошондой эле таштандыларды 3 түргө бөлүп чогултабыз", - дейт ал.

Сүйүнова белгилегендей, иш-чаранын максаты бир гана көчөлөрдү тазалоо эмес, адамдардын аң-сезимин өзгөртүү болуп саналат.

"Эко Деми" коомдук фондунун төрайымы Венера Мамбетмусаева быйыл Ысык-Көл жана Нарын облусунан катышуучулар көп болорун айтат.

"Биздин фонд 2014-жылдан бери ишембилик өткөрүп келгенбиз. Кийин Ысык-Көлгө барып, тазалап жүрдүк. Жергиликтүү тургундар бизге кошулбагандыктан, ыктыярчыларды Бишкектен алып барып жаттык. Биздин иштерибизди көрүп көлдө өзүнчө кыймыл пайда болгон", - деди Мамбетмусаева.

Аталган иш-чаранын уюштуруучулары бардык жарандарды кайдыгер мамиле жасабай, ишембиликке катышууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий