• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Байсалов Россиянын Жазуучулар союзунун төрагасын кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 20.04.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Россия Федерациясынын Жазуучулар союзунун Төрагасы Николай Иванов менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы адабий чыгармачылыкты жана маданий кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган конкреттүү долбоорлорго жана демилгелерге өзгөчө көңүл буруп, эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө маданий өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

“Кыргызстандын эли улуу орус адабиятына болгон сүйүүсүн сактап калды. Биз азыр деле дүйнөлүк маданиятты, искусствону негизинен орус тили аркылуу үйрөнөбүз. Бүгүнкү күндө биздин алдыбызда маданиятты өз ара өнүктүрүүнү улантуу милдети турат. Анын негизинде мамлекет жетекчилиги адабий чөйрөнү жана басма ишин колдоо боюнча мамлекеттик чоң программа иштеп чыгуу милдетин койду. Жакынкы жылдарда кыргыз жана орус тилдеринде биздин классиктердин жана заманбап авторлордун чыгармаларын чыгарып, жайылтуу пландалууда. Биз бул маанилүү иште орус жазуучуларынын, сынчыларынын жана котормочуларынын кызматташтыгына жана колдоосуна ишенебиз”, - деди Эдил Байсалов.

Тараптар ошондой эле 2028-жылы улуу кыргыз жазуучусу Ч.Т. Айтматовдун 100 жылдыгын масштабдуу түрдө белгилөөгө даярдык көрүү боюнча бир катар биргелешкен иш-чараларды талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий