• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Бакай Банктан» жаштар үчүн сынак: байге 25 000, 20 000 же 10 000 сом салынган депозит түрүндө

Коом 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. «Бакай Банк» мектеп окуучулары жана студенттер арасында байге фонду 55 миң сомдон турган сынак жарыялайт. Жеңиш үчүн финансылык-экономикалык терминдерди түшүндүргөн видео тартып, ал TikTok социалдык түйүнүндө эң көп көрүлүшү керек. Сынак Дүйнөлүк акча жумалыгына арналат.

2020-жылдын 20-мартынан 3-апрелине чейин мектеп окуучулары жана студенттер үчүн (Кыргыз Республикасынын 25 жашка чейинки жарандары) «Бакай Банктын» сынагы өтөт. Биринчи орун үчүн сыйлык — 25 миң сом, экинчиге — 20 миң сом, үчүнчү орунга — 10 миң сомдук баштапкы салымы бар депозит ирээтинде ыйгарылат.

Шарттары жөнөкөй:

  1. Кыргыз же орус тилинде финансылык-экономикалык терминдерди түшүндүргөн видеоролик тартуу керек.
  2. Аны TikTok социалдык түйүнүнө #GMW2020 #bakaibank хэштегдери (башка хэштег болбошу керек) менен жайгаштырыңыз.
  3. Видеоролик эң көп көрүлгөн болушу керек. Жыйынтык 3-апрелде чыгат.

Сунушталган терминдер:

  • Пин-код
  • Банк
  • Депозит
  • Кредит
  • Инфляция
  • Валюта
  • Акча которуулар
  • Баалуу кагаздар
  • Бюджет

Жеңүүчүгө приз баштапкы капиталы 25 миң, 20 миң жана 10 миң сом салынган депозит ирээтинде берилет. Жашы жете электерге «Балдар үчүн» депозити ата-энесинин бирөө же мыйзамдуу өкүлү тарабынан ачылат. Ал эми жашы жеткен жеңүүчүлөр «Мөөнөттүү» депозит түрүндө байгеге ээ болушат.

«Бакай Банк» онлайн-конкурсу Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында өтүүдө.

Лицензия КРУБ №043⠀

bakai.kg

6111 (мобилдик телефондон)

+996 554 006 111 (Whatsapp)

Пикир

Оставить комментарий