• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бакыт Төрөбаев кайрадан түзүлгөн айыл чарба министрлигинин эмгек жамаатына тааныштырылды

Коом 0

Бишкек, 25.12.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – КРнын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалган Бакыт Төрөбаевди жамаатка тааныштырды.

Акылбек Жапаров айыл чарба тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалардын, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун, Кытай Эл Республикасына ата мекендик айыл чарба продукцияларын экспорттоону өнүктүрүүнүн, өлкөнүн суу ресурстарын сарамжалдуу жана эффективдүү пайдаланууну камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

МинКаб Төрагасы мурдагы айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго министрликте аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин милдеттерин аткаруучу Бакыт Төрөбаевге албан ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий