• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Ошто сууга түшүү сезону ачылды

Аймак 0

Бишкек, 01.06.22./Кабар/. Ош шаарындагы Дельфин бассейнинде 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата сууга түшүү сезонунун ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Майрамдык иш-чаралардын алкагында “Келечек” балдардын чыгармачылык борбору тарабынан концерттик программа уюштурулду.

Салтанаттын ачылыш аземине Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, шаардагы мекеме-уюмдардын жетекчилери катышты.

Иш-чарага Ош шаарынын бардык балдар үйлөрүнүн жана мектеп-интернаттарынын тарбиялануучулары чакырылган (“Боорукердик”жана “Алтын уя” интернаттары, В.Терешкова атындагы “Лотос” мектеп-интернаттары жана башкалар). Ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мүмкүнчүлүгү чектелген балдары чакырылып, аларга акчалай сыйлыктар, белектер жана таттуулар салынган баштыктар тапшырылды.

Балдар үйлөрүнүн жана мектеп-интернаттардын тарбиялануучуларына Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан белектер жана балмуздак, көз карандысыз демөөрчүлөр тарабынан таттуулар, ширелер жана суусундуктар тартууланды.

Жалпысынан иш-чарага балдар үйлөрүнүн жана мектеп-интернаттарынан 400дөн ашык тарбиялануучу күбө болушту.

Мындагы майрамдык иш-чаралар Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий