• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмгек министри Кочкордо "социалдык келишим" долбоору боюнча мониторинг жүргүздү

Аймак 0

Бишкек, 02.10.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова "Социалдык келишим"долбооруна катышып жаткан Кочкор районунун үй-бүлөлөрүнө барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун катышуучусу Жылдыз Букарадинова мамлекет берген 100 миң сомго дүкөн ачкан. Бүгүнкү күнү дүкөндүн иши жакшы жүрүшүп, айына 50 миң сомго чейин киреше алып келүүдө.

Жыпаркүл Жумалиеванын үй бүлөсү 7 кишиден турат. Буга чейин балдарына 4 320 сом жөлөкпул алып келген. Учурда бизнес долбооруна ылайык картошка айдап түшүмүн мол. Азыркы учурда жашап жаткан үйү урай турган абалда болуп жаткандыктан, бүгүнкү күнү тапкан пайдасына үй тургузууда. Бул да болсо жакшы жетишкендик,-деди министр.

Кочкор районунун дагы бир тургуну Серик Джусамбаев жалгыз бой, 1 кыздын атасы. "Социалдык контракттын" негизинде 100 миң сом алып үй канаттууларын, коен алып сатып соода кылуу менен алектенсе, Назик Мукамбетованын үй-бүлөсү “Занин” жана “Нубис” тукумундагы сүт багытындагы эчкилерди сатып алып, тукумун көбөйтүп жана анын сүтүн сатып айына 9 миң сомго чейин киреше табууда. Ар бир көрүп чыккан беш үй-бүлө өздөрүнүн жөндөмүнө жараша жакшы кирешелерди таап, алдыда дагы ийгиликтерди жаратуу пландары бар.

"Кочкор районунда жалпысынан 119 аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекеттин колдоосу менен өз ишин баштады. Бул 728ден ашык адамдын жашоо деңгээлин жакшыртууга мүмкүндүк берди. Алардын 52% айыл чарба менен алектенет", - деди Гүлнара Баатырова.

Пикир

Оставить комментарий