• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Балыкчы шаарынын мэри кызматына эки талапкер көрсөтүлдү, бири 26 жашта

Коом 0

Бишкек. 03.05.19 /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри кызматына “Замандаш” жана “Кыргызстан” депутаттык фракцияларынан эки талапкер көрсөтүлдү. Алар аймактык шайлоо комиссиясына документтерин тапшырды.

Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо 2019-жылдын 14-майында өтөт.

Марат Кудайбергенов – “Замандаш” депутаттык фракциясынан. 1993-жылы туулган, Балыкчы шаарынын тургуну. Ж. Баласагын атындагы КУУну “Финансы жана кредит” адистиги боюнча бүтүргөн.

Мирбек Шакиров – “Кыргызстан” депутаттык фракциясынан. 40 жашта. Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну.

К.И. Скрябин атындагы КАУну “Экономика жана агрардык өндүрүштү башкаруу” адистиги боюнча бүтүргөн, квалификациясы “Дипломдуу адис (Экономист)”.

Кандидаттар берген документтерди аймактык шайлоо комиссиясы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерет.

Пикир

Оставить комментарий