• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Башкы прокуратурада ыкчам кеңешме өттү

Коом 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Кечээ, 17-ноябрда башкы прокурор Курманкул Зулушев жер-жерлердеги прокурорлор менен онлайн байланышы аркылуу ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешмеде Зулушев прокурордук ишмердүүлүктүн бардык багыттары боюнча ишти күчөтүү туурасында көрсөтмөлөрдү берип, анда коррупция менен күрөшүүгө, жазык жана жорук иштери боюнча тергөөнү чубалжытууга учуратпастан тез арада тергөө органдарынын мыйзамдуу чечим кабыл алуусун көзөмөлдөөнү, сотто мамлекеттик айыптоону мыйзамдардын талабына ылайык колдоону, доо арыздар боюнча соттук чечимдердин сот аткаруучулар тарабынан аткарылуусун күчөтүүнү, жеке ишкерлердин жана инвесторлордун үстүнөн текшерүүлөрдү мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүүсүн тийиштүү органдардан талап кылууну, чет өлкөдө издөөдө жүрүп кармалып экстрадициясы каралып жаткан жарандардын жазык иштери боюнча угузулган айыбынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүүнү, ошондой эле жарандардын кайрылууларын жеринде кароону уюштурууга өзгөчө басымды жасады.

Ошону менен бирге эле, кызматкерлерди прокуратура органдарынын беделине шек келтирген кадамдарга барбоосуна чакырды.

Мындан сырткары жеке менчикке өткөн объектилерди мамлекетке кайтарууда менчик ээлеринин укуктарын эске алуу менен объективдүү, кылдат текшерүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырып, прокуратура жазалоочу органдан алыстап мыйзамдуулукту сактап элдин укугун коргогон органга айлануусуна жетиши керектигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий