• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунда көп балалуу энелер сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов Баткен шаарындагы көп балалуу энелерди өлкө башчысынын «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалдары менен сыйлады.

Ыйгарым укуктуу өкүл энелерди майрамдары менен куттуктап, ден соолук, бакубат жашоо каалап, белектерин да тапшырды, - деп билдирет өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы.

КР президентинин көп балалуу энелерди сыйлоо жөнүндөгү Жарлыгына ылайык, Баткен облусунан 63 энеге «Баатыр эне» ордени, 56 энеге «Эне даңкы» медалы тапшырылууда.

Пикир

Оставить комментарий