• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркия Баткен облусуна ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр

Аймак 0

Бишкек, 12.05.21./Кабар/. КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган менен жолукту. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууга КР президентинин Баткен облусунун чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, элчинин дин иштери боюнча кызматынын жетекчиси Нүрсел Өзтүрк, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин координатору Осмон Уста да катышты.

Элчи Ахмет Садык Доган биринчи кезекте чек арадагы куралдуу жаңжалга байланыштуу жоготууларды терең кайгыруу менен кабыл алганын билдирип, жалпы Түркия элинин атынан Баткен элине көңүл айтты.

Ошону менен катар элчи кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуяга байланыштуу Баткен облусундагы муктаждыктарды жеңилдетүүгө, калыбына келтирүү жумуштарынын жүрүшүнө, өлкөсү ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин айтып, Баткен элинин тынч жана бакубат жашоого кайтуусуна, боордош эл катары жакындан көмөктөшөбүз, “Баткен элин жалгыз калтырбайбыз” деген пикирин билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүл бир тууган Түркия элинин моралдык жана гуманитардык жардамдары үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушууда тараптар орун алган окуянын кесепеттерин жоюу менен катар, облустун социалдык-экономикалык маселелерин да талкуулашып, аймакты өнүктүрүү, инфраструктурасын чыңдоо жаатында, өнөктөш катары кызматташууну жандантууну макулдашышты.

Элчи менен келген делегация өкүлдөрү Баткен облусунун жетекчилигине Кыргызстандагы Түрк элинин коомдук бирикмесинин атынан гуманитардык жардамдарын да тапшырышты.

Пикир

Оставить комментарий