• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде милиция жана чек ара кызматкерлери өспүрүмдөр менен жолугушууда

Аймак 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Милиция кызматкерлери чек ара кызматкерлери менен биргеликте жаш өспүрүмдөр менен жолугушууда. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери чек ара кызматкерлери менен биргеликте Кадамжай районунун Халмион айыл аймагындагы орто мектептердин жогорку класстын окуучулары менен жолугуп, баарлашууда.

Жолугуунун максаты 23-февраль - Мекен коргоочулар күнүнө карата жаш өспүрүмдөрдү патриоттуукка үндөп, келечек ээлерине туура кесипти тандоосуна багыт берүү болуп саналат.

Жыл башынан бери бул аймакта жаш өспүрүмдөр катышкан укук бузуу фактылары катталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий