• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бешинчи каналдын эмгек жамааты өз ишин жыйынтыктап жатат

Коом 0

Бишкек, 28.12.17. /Кабар/. Бешинчи каналдын жамааты өз ишмердүүлүгүн аяктайт. Бул тууралуу телекомпаниянын редакциясы кабарлады. Бүгүн, 28-декабрда эфирге жаңылыктардын акыркы берүүлөрү чыгат.

Саат 20:00дөгү жыйынтыктоочу берүүсү телеканалдын тарыхына, буга чейин иштеп кеткен жана учурдагы жамаатына арналат.

“Канал кантип ачылганын, жаңы кадамдарды таштоо кандай кыйынчылыктар жана кубанычтар менен коштолгонун, теле жаатында жасап көргөн эксперименттерден кандай майнап чыкты – баардыгын кайрадан эске салабыз. Бешинчи каналдын кызгыл сары түстөгү микрофону дүйнөнүн кайсы булун-бурчуна чейин жеткенин эскеребиз. Биздин журналисттер кабылган коркунучтар, ыңгайсыз, күлкүлүү учурларды эстеп күлөбүз. Бешинчинин 11 жылдык тарыхын казып чыгып, көрүнүктүү учурларына токтолобуз”,-деп айтылат телеканалдын сайтында.

Бешинчи канал биринчи жолу эфирге 11 жыл мурун, 2007-жылы 12-февралда чыккан. Толук сетканы өзүнүн берүүсү менен камсыз кылган КТРКдан тышкаркы жалгыз телеканал эле.

“Бешинчи каналдын жамааты ар дайым бир максатты көздөгөн- көрүүчүлөргө мекенибиз Кыргызстандын кооздугун, өнөрлүү, боорукер жана меймандос элин, кандай кыйынчылыктар менен өлкөбүз курулганын жана аны түптөөгө катышкан адамдарды көргөзүү эле. Мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша аткаминерлердин шалаакылыгын, паракорчулукту, жемкорлукту, байманаптык кылык-жоруктарды, адамдык акылсыздыкты жана маданиятсыздыкты жоюуга аракет кылдык.

Дээрлик 11 жылдан бери Бешинчи каналдын командасында таланттуу, кесипкөй, кайдыгер эмес, акылдуу кызматкерлер эмгектеништи. Булар көгүлтүр экранга чыккандар гана эмес: көптөрү кадр артында кызматтанышса дагы Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн кичине болсо дагы салымын кошууга дайым умтулушкан. Андыктан биз алгылыктуу иш алып бардык деген пикирдебиз”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий