• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Жээнбеков менен биринчи айымдын катышуусунда президенттик балаты өтүүдө

Президент 0

Бишкек, 28.12.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкекте мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жана биринчи айым Айгүл Жээнбекованын катышуусунда президенттик балаты өтүүдө. Жаңы жылдык иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан балдар келишкен.

Жалпысынан 1100 бала катышууда. Алардын арасында окуунун мыктылары, активисттер, жатак-мектептердин, 2017-жылдын январында Дача-СУдагы авиа кырсыкта жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары бар. Мындан тышкары апрель революциясынын Баатырларынын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар келишкен.

Мындан тышкары, быйылкы жылы өлкөнүн башкы балатысына памирлик кыргыздардын 12 баласы катышууда.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бардык чогулгандарга китеп жана таттууларды белек кылды.

Белгилей кетсек, Т.Сатылганов атындагы филармонияда балдар үчүн майрамдык концерт уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий