• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Баткен шаарындагы курулуп жаткан Үй-бүлөлүк медицина борбору менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 04.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июлда, Баткен облусуна бир күндүк иш сапарынын алкагында Баткен шаарындагы курулуп жаткан Үй-бүлөлүк медицина борбору (ҮМБ) менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жана Архитектура, курулуш жана коммуналдык-чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин маалыматы боюнча, үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы курулуп жаткан имараты 2001-жылы башталган. Долбоор боюнча, имарат 2 блоктон, 3 кабаттан турат, 250 орунга ылайыкталган. Жалпы сметалык баасы 174, 5 млн. сомду түзгөн.

Акыркы жылдары каражат каралбагандыгына байланыштуу курулуш иштери токтоп калган.

2015-жылы курулуш кайра жанданып, бүгүнкү күнгө карата ал 95 пайызга бүтүп калды. Борборду ишке киргизүү үчүн аны зарыл эмеректер жана жабдуулар менен камсыздоо керек.

Президент Сооронбай Жээнбеков, имаратты көрүп чыгып, өлкөдө, өзгөчө региондордо саламаттык сактоону жана медицинаны өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи жана бул Үй-бүлөлүк медицина борборун тез арада пайдаланууга берүү зарылчылыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий