• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда жаш уландар арасындагы күрөш боюнча Азия биринчилиги башталды

Спорт 0

Бишкек, 04.07.10. /Кабар/. Казакстанда жаш уландар арасындагы күрөш боюнча Азия биринчилиги башталды.

Мелдеш Нур-Султан (Астана) шаарында өтүп жатат. Бүгүн балбандар 45, 48, 51, 55, 60, 92 жана 110 килограмм салмакта күч сынашат. Саат 18:00дө финалдык беттештер башталат.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы:

45 кг - Разак Бейшекеев;
48 кг - Улукбек Сансызбаев;
51 кг - Акыйкат Кулжигит уулу;
55 кг - Автандил Таалайбек уулу;
60 кг - Нурдос Нурканов;
65 кг - Дастан Акылбеков;
71 кг - Бакдаулет Эгенбердиев;
80 кг - Бекзат Оронкул уулу;
92 кг - Нурманбет Раймалы уулу;
110 кг - Давран Садыков.

Эркин күрөш боюнча курама:

45 кг - Дастан Урматбек уулу;
48 кг - Султан Алтынбеков;
51 кг - Улан уулу Самаган;
55 кг - Шамил Калматов;
60 кг - Канат Керимбеков;
65 кг - Дастан Арзыкеев;
71 кг - Нурман Умаров;
80 кг - Эсенкул уулу Илимбек.

Мелдеш 7-июлда аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий