• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ямайкада оюн талаасына чагылган түшүп, бир нече футболчу жабыркаган

Спорт 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. 16-сентябрь күнү Ямайкада футбол боюнча мелдеш учурунда оюн талаасына чагылган түшүп, анын айынан бир нече оюнчу ооруканага кайрылган. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Маалыматка ылайык, окуя "Уолмер Бойс Скул" менен "Ямайка Колледж" командасы ортосундагы оюн учурунда болгон. Чагылган тийген жерге жакын турган оюнчулар жерге жатып калып, бутуна тура албагандыктан аларды көтөрүп алып кетишкен. Оюндун башкы калысы беттешти токтотууну чечкен.

Бир нече футболчулар ооруканага жеткирилген. Кийинчирээк башка оюнчулар да ооруканага кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий