• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Оор атлетика боюнча республиканын чемпиондору аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 09.03.21. /Кабар/. Бишкекте 3-5-март күндөрү оор атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Республикалык чемпионатка өлкөнүн баардык облусунан жана Ош, Бишкек шаарларынан келген 100дөй спортчу катышты.

Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундун ээлери диплом, медалдары менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын оор атлетика федерациясы тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий