• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бир суткада өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош облусунда 1, Баткен облусунда 1, Чүй облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкектеги Аламудун-1 кичи районундагы Загорская көчөсү №44 дарегиндеги үйдүн жанында “Ауди А-4” үлгүсүндөгү автоунаанын кыймылдаткыч бөлүгү жана салону күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен районундагы Бужун айылында турак үйдүн 12 чарчы метр шыбы жана ичиндеги буюмдар күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий