• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек: Коменданттык саатты бузганы үчүн жалпы 1828 адам кармалган

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында коменданттык саатты бузганы үчүн жалпы 1828 адам кармалган. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелдеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отурумунда Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

“Анын ичинен 1588 эркек, 240 аял кармалып, мыйзамга ылайык 1573 протокол түзүлдү”, – деди Орозалиев.

Эскерте кетсек, тармактык комитеттердин биргелешкен бүгүнкү жыйынында жазгы айдап себүү иштерине жана киргизилген өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаалга тиешелүү маселелер каралууда. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий