• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек мэри "Жер-Ынтымагы" конушунун тургундары менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 7-августта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Жер-Ынтымагы" конушунда көчмө жыйын өткөрдү.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жеринде 3 негизги маселе каралды. Алар - жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, канализацияны кошуу жана № 118 маршуттук каттамды "Жер-Ынтымагы" конушуна чейин узартуу.

Жашоочулардын бардык өтүнүчтөрүн, сунуштарын жана даттанууларын кунт коюп уккандан кийин, мэр тиешелүү кызматтарга конкреттүү мөөнөттөрдү жана колдонуудагы мыйзамдын алкагында трансформация маселелерин чечүүгө жооптуу адамдарды көрсөтүү менен иш-чаралардын планын иштеп чыгууну жана бекитүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий