• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясы бүгүн бир нече конушта таза суу жок болорун эскертти

Коом 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Бишкек мэриясы бүгүн бир нече конушта таза суу жок болорун эскертти.

Шаардык муниципалитеттин билдирүүсүнө таянсак, бүгүн, 16-ноябрда, саат 09:00дөн 16:00гө чейин «Энесай», «Дордой 1», «Дордой 2» конуштарында суу болбойт.

Муздак суунун өчүрүлүшүнө «Энесай» суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштер себеп болууда.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды ичүүчү суу камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий