• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек шаары жаңыланат - Ибраимов

Өкмөт 0

Бишкек, 27.09.17. /Тумара Туратбекова - Кабар/. Бишкекте 2017-2020-жылдырга борбор шаарды өнүктүрүү “Ыңгайлуу шарттар шаары” программасын ишке ашыруу иштери башталды. Программа шаардыктардын каалоолору, күтүүлөрү жана эскертүүлөрүнүн негизинде иштелип чыккан. Бул тууралуу шаар мэри Албек Ибраимов кыргыз улуттук китепканасындагы конференцияда билдирди.

Анын айтымында, Бишкек дүйнөдө өзүнүн татыктуу ордун табып, Борбор Азиянын эң жагымдуу шаарларынын бири болушу керек.

“Шаарды өнүктүрүү ийгилиги өлкө үчүн маанилүү. Программа калааны инфраструктурасы өнүккөн, бардык муундан үчүн өзгөчо социалдык маданияты бар заманбап ишкерлик борборуна айлантууга багытталган”, - деди мэр.

Шаарды өнүктүрүү долбоору өкмөттүн мамлекеттик "Жаны доорго кырк кадам 2017-2022" долбоор жана 2018-2022-жылдарга аймактык саясат концепциясы менен катарлаш кабыл алынганы белгиленди.

“"Жаны доорго кырк кадам 2017-2022" долбоорунда шаар инфраструктураларын өнүктүрүү планы аныкталган. Буга Бишкек шаарынын долбоорлору да кирген. Ошондой эле, “Таза коом” биринчи кадамынын алкагында “Акылдуу шаар” чаралар топтомун киргизүү каралган”, - деп белгиледи мэр.

Долбоорду ишке ашырууда башкы жоопкерчилик шаар мэриясында жана муниципалдык кызматтарда болот.

Пикир

Оставить комментарий