• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек: Жаңы жылда коомдук унаалар түнкү саат экиге чейин иштейт

Коом 0

Бишкек, 31.12.18. /Кабар/. Жаңы жыл күнү коомдук унаалар түнкү саат экиге чейин иштейт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Коомдук унаалар шаар тургундарынын жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн 2018-жылдын 31-декабрынан 2019-жылдын 1-январына караган түнүнө чейин түнкү саат экиге чейин иштемекчи.

Коомдук унаалардын тизмеси:

Автобус каттамдары:

- №7: Дача– Аламедин - 1;

- №9: Тынчтык конушу – Асанбай кичирайону;

- №38: 110-квартал – Асанбай кичирайону;

- №42: Ала-Тоо аянты – 12-кичирайону.

Троллейбус каттамдары:

- №2 Аламедин 1 кичирайону – Фрунзе заводу;

- №4 Эт комбинаты – Булгаары заводу;

- №7 Тунгуч кичирайону – Ак-Өргө конушу;

- №8 Ак-Өргө - Лермонтов көчөсү;

- №10 Асанбай – Фрунзе заводу;

- №14 Жогорку Жал – Киркомстром.

Кичи бустардын каттамдары:

- №222 Ак-Ордо – Алтын Ордо конуштары;

- №224 Келечек – Жеңиш конуштары;

- №254 Ак-Ордо конушу – Восток айылы;

- №166 Кызыл-Аскер – Аю-Гранд;

- №211 МТФ – Тынчтык конушу;

- №260 Арча-Бешик – Бакай Ата конуштары;

- №164 Баетов – Көк-Жар;

- 143 Маевка – Кыргызстан;

- №219 Учкун – Коммунаров;

- №240 Энесай – 110-квартал;

- №192 Ак-Ордо – Дордой 2.

Пикир

Оставить комментарий