• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Бишкекгаз» калкты тейлөө борбору беш күндүк иштөө режимине өтөт

Коом 0

Бишкек, 29.03.24. /Кабар/. Жылуулук берүү мезгилинин аякташына байланыштуу «Бишкекгаз» калкты тейлөө борбору беш күндүк иштөө режимине өтөт.

Компаниянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 30-марттан тарта калкты тейлөө борбору ишемби күндөрү иштебейт. Борбор жаңыланган графиги боюнча иш күндөрү: саат 8:00дөн 17:00гө чейин иштейт, түшкү тыныгуусуз.

Тейлөө борбору Максим Горький, 22 дарегинде жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий