• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 28-марттан тарта карызы бар абоненттердин жарыгы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 27.03.24. /Кабар/. 28-марттан тарта карызын убагында төлөбөгөн бишкектиктердин электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынан билдиришти.

Карызы бар абоненттердин саны 6,2 миңден ашат.

"Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн ишкана абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Турмуш-тиричилик абоненттер “Мой свет” тиркемесин уюлдук телефонуна жүктөп алып, өздүк эсеби тууралуу бүт маалыматты ала алат. Ошондой эле 1209, 105, 0772/0702/0556 00 12 09 күнү-түнү иштеп жаткан колл-борборуна чалып же 0556 001209 WhatsApp номерине жазып өзүнүн дебитордук карызын сурап билсе болот.

Ошондой эле абоненттер почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн электр энергиясына болгон төлөмдү терминалдар аркылуу төлөсө болот. Бишкек ЭТИ төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат.

Төлөмдү Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, «БТА Банк» терминалдары, UMAI, "Элсом" электрондук капчыктары, "Айыл Банк", "Дос Кредо Банк", "БТА Банк", "Кыргызстан коммерциялык банкы", "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсөңүздөр болот.

Пикир

Оставить комментарий