• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте абанын булганышын ченеген кошумча 40 жабдык коюлат

Коом 0

Бишкек, 31.01.19. /Кабар/. Бишкекте абанын булганышын ченеген дагы 40 өлчөгүч коюлат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында "МувГрин" коомдук бирикмесинин жетекчиси Мария Колесникова билдирди.

Анын айтымында, "МувГрин" эки жылдан бери абанын сапатын байкоого алып келет. Жакын арада борбор калаанын дээрлик баардык аймагын камтуу үчүн кошумча 40 өлчөгүч орнотулат.

"Алар мурункудай эле бир затты - абадагы катуу бөлүкчөлөрдү ченеп турат. Себеби ал заттар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан эң зыяндуу деп табылган", - деди ал.

Кыргыз-орус славян университетинин метеорология, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо кафедрасынын башчысы Андрей Подрезов белгилегендей, бул изилдөөнү жасап жаткан станция 2017-жылдын декабрь айында 7 млн. рублга, башкача айтканда 120 миң долларга алынган (мурунку курс менен).

"Аба булганышын пулимер аспабы ченейт, жабдыктын баасы 20 миң доллар. Анын жардамы менен мүнөт сайын өлчөө болуп турат", - деди Подрезов.

Пикир

Оставить комментарий