• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте аялдамаларды жакшыртуу иштери кызуу жүрүп жатат

Коом 0

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. Бишкекте аялдамаларды жакшыртуу иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Учурда "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын кызматкерлери Дэн Сяопин проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилишиндеги аялдама комплексине асфальт төшөй баштады.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган аялдама комплексинин аймагы начар абалда болгон.

Ушундай эле иштер Октябрь районундагы Ахунбаев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жолдун түштүк тарабында жайгашкан аялдама комплексинин аймагында да жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий